Tарбиялык жана маданий иштери

Коомдук-тарбиялык жана маданий иштери

Тарых-филология факультетинин коомдук-тарбиялык жана маданий иштери университеттин   стратегиялык өнүгүү планынын негизинде иш жүргүзүп келүүдө.

2017-жылдын 22-сентябрында кыргыз филологиясы тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө “Мамлекеттин өзөгү – эне тилинде” аттуу адабий-композициялык кече өткөрүлүп, кечеге университетибиздин ректору Ч.К.Райымбаев катышты. 2018-жылдын 21-февраль айында да кыргыз филология кафедрасы тарабынан Эне тил майрамына карата “Улуттун дил өзөгү – эне тилинде” аттуу кече уюштурулду.

2019-жылы февраль айында 23-феварль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата кече,  21-март Нооруз майрамына карата шаардык деңгээлдеги иш-чара факультет тарабынан мыкты уюштурулду.

Факультеттин жамааты

Суденттер Нооруз майрамында

Факультеттин студенттери университетте өткөрүлгөн коомдук, маданий-массалык иштерде  өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келүүдө жана университеттик деңгээлдеги студенттик «Жатакана — менин экинчи үйүм»,  «КВН»,  «Ыр кесе», Тамашоучулар  конкурстарынын жана волейбол, футбол,  шахмат, ордо, теннис ж.б. спорттук мелдештерине активдүү катышышып, жеңүүчүлөрү болуп келишет.

Университеттин 25 жылдык юбилейине карата “Устат-шакирт” чыгармачылык кече уюштурулуп ага англис филология кафедрасынын улук окутуучусу А.Джалиев жана ФБА-17 тайпасынын студенти Дүйшөбай кызы Тансулуу катышып мыкты жетишкендиктерге ээ болушту.

2019-жылы март айында Ош шаардык жаштар комитети тарабынан даярдалган «Таланттуу шайыр жаштар таймашында» факультеттин студенттери да катышып, татыктуу сыйлыктарга ээ болушту.

Факультеттин тамашочулары

Улуу жеңиштин 74 жылдык мааракесине  факультеттин окутуучулар  жамааты да активдүү катышышты.

Улуу орус акыны А.С. Пушкиндин 220 жылдыгына карата орус филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган «Студенческая весна — 2019» фестивалы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында сүрөт көргөзмөсү, мыкты сурот тарткан студенттерди сыйлоо аземи болуп, андан соң шаардык мектептерден келген окуучуларга арналган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

9-майга  арналган «Мы помним» аттуу майрамдык кече уюштурулду.

Жыл сайын «Halloween» американын улуттук  майрамы   студенттер тарабынан   салттуу түрдө белгиленип,  майрамдык концерттик программалар, улуттук тамак-аштары, кийимдери жалпы традициялары көрсөтүлүп келүүдө.

ФБА тайпасынын студенттери атайын кечелерди уюштурушуп, тапкан акчаларын кайрымдуулукка жумшашты. Демилгенин уюштуруучулары Пазилова Т., Абакулов Р.А. Ташбаева Г., андан түшкөн каражаттын баары балдар үйлөрүнүн  тарбиялануучуларына  жана карыялар үйүнө жумшалды. Аталган кайрымдуулук иш-чарасы ФБА тайпасынын студенттери тарабынан жыл  сайын өткөрүлүп келет.

Кыргыз-Өзбек университетинин кызматкерлери менен профессордук- окутуучулар жамаатынын ортосунда «Спорт- ден соолуктун булагы» — деген чакырыкта улуттук жана олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча кышкы спартакиада болуп өттү. Таймашта факультеттин жамааты да активдүү катышышты.

 Факультетте жыл сайын 1-курсту кабыл алуу “Ыйгарым” аземи жана “Бүтүрүүчүлөр” кечелери уюштурулуп турат.

Тарых-филология факултетинде кесипке багыттоо иштери жылдык пландын негизинде иш алып барылат. Жылына 2 жолу мектептер менен жолугушууларды уюштурушат. Анын натыйжасында университетте өткөрүлгөн “Ачык эшиктер” күнүнө мектеп бүтүрүүчүлөрүн уюштуруп алып келишет.

Факультетте  аз  камсыз  болгон үй-бүлөдөгү студенттерге контракттык  төлөмдөрдөн жеңилдиктер каралган.  Факультетте     жайгашкан тил борборлорунан кыргыз, англис, орус, корей тилдери боюнча бекер курстарга катышып,  сертификаттарга ээ боло алышат.

Таланттуу жана чыгармачыл студенттер үчүн факультетте:

-«Айтматов таануу» клубу;

-«Ак санат» дубал гезити;

-Фольклордук-драмалык ийрими;

-«Аймак таануу» ийримдери иш алып барат.

Тарых-филология факультетинде ата-энелер менен жолугушуу да жолго коюлган. Жылына эки жолудан ата-энелер менен жолугушуу уюштурулат. Алар менен жолугушууда багыттардагы НББП талкууланат. Студенттердин сабакка болгон катышуусу да каралат. Ата-энелердин сунуштары эске алынат.

 

 

 

 

 

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial