STEAM MUGALIM долбоорунун алкагында тренинг уюштурулду

2022-жылдын 21-апрель күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде STEAM MUGALIM долбоорунун алкагында тренинг уюштурулду.
Аталган тренингке Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 150гө жакын окутуучулары катышты.
Тренингде студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу, алардын таланттын, өнөрүн ачуу менен тыгыз иш алып баруу деген темалардын үстүндө катышуучулар тарабынан кызуу талкуу жүрүп, ой-пикирлер айтылып тренинг өз максатына жетти.
Соңунда катышуучулар атайын сертификатка ээ болушту.
Ал эми Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков келген конокторго ыраазычылыгын айтып, окуу жайдын Ыраазычылык катын тапшырды.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial