Түрк кеңешинин Башкы катчысы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин долбоорлоо боюнча директору Бобур Тагаев ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү максатында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болушту.
Аталган конокторду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев тосуп алып, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы боюнча кенен маалымат берди. Ошондой эле бүгүнкү күндө университеттин профессордук-окумуштуулар жамааты бир эле кыргызстандык студенттерге билим бербестен, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө болгон Казакстан, Түркия, Өзбекстандан келген студенттерге дагы татыктуу билим берип жатканына токтолду. Мындан тышкары түрк мамлекеттеринин башын бириктирген эл аралык уюмдун жасап жаткан иштери өзгөчө экендигин баса белгилеп, аталган уюм менен ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин билдирди.
Ал эми Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети улуттар аралык достукту бекемдеген, илим-билимдин ордосу экенин айтып, бул окуу жайы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынышы, университет менен биргелешкен иш чаралардын уюштурулушу тектеш элдердин достугун бекемдеп, ар тараптуу кызматташуусуна жакшы шарт түзө тургандыгына ишеними чоң экендигин билдирди.
Түрк кеңеши, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши азыркы түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм. Аталган кеңешке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгрия өлкөлөрү кирет. Анын башкы максаты мүчө мамлекеттердин улуттук баалуулуктарын, маданиятын өзгөчөлүктөрүн сактап, боордош элдин арасында ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.
Ал эми Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети көп улуттуу өлкөбүздүн баардык этносторунун жаштарынын баарына, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн билим издеп келген студенттердин билим алышына бирдей шарт түзүп, достуктун алтын ордосуна айланган, эл аралык статустагы окуу жай.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial