«Жеңишти жети күн бою даңктайбыз» аттуу адабий жумалык жыйынтыкталды

Бүгүн, 18-май күнү «Жеңишти жети күн бою даңктайбыз» аттуу адабий жумалыктын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү.
Аталган жумалыктын жыйынтыктоочу бөлүгүнө окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сыргак Сарыков, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев жана тарых-филология факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Назира Тилекова катышып, иш-чараны ачып беришти.
Андан соң адабий жумалыктын алкагында жарыяланган сынактын негизинде видео-ролик, сүрөт, автордук чыгармалардын жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылып, майрамдык кечеде көркөм окуу, жеңиш күнүнө арналган обондуу ырлар аткарылып, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.
Соңунда кыргыз филология кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Бактыгүл Исмаилова жалпы катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата «Жеңиш ырын ырдайбыз» аттуу сынагын өткөрүү жөнүндөгү буйругунун негизинде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин демилгеси менен кыргыз филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial