2020-жылдын 9-декабрь күнү, Кесиптик колледждин  педагогикалык кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү. Анда негизинен  эки маселе каралды.

 

Педагогикалык кеңеште кышкы сессияга даярдыктар боюнча сөз болуп, бирикме башчылары сынакка даярдыктар боюнча маалыматтарды беришти.

Ал эми ар түрдүү маселелерде  директордун тарбиялык иштери боюнча  орун басары Жунусов Нурсейид Алымович коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш чаралар боюнча маалымат берип, ошол эле учурда, коррупция боюнча мыйзамда каралган беренелерге токтолуп, мыйзамда каралган жоопкерчиликтери боюнча айтып өттү.  Андан сырткары ар бир кураторлорго коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча тарбиялык сааттарды өтүүсү милдеттендирилди.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial