Кыргыз-Өзбек университетинде онлайн тегерек стол болуп өттү

27-ноябрь күнү КРдин Билим берүү жана илим минстрлигинин буйругуна ылайык Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата онлайн режиминде тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек стол Кыргыз-Өзбек университетинин кесиптик колледжи тарабынан уюштурулду.
Алгач Раззаковдун бейнесин чагылдырган слайд коюлуп, баяндамалар жасалды.
КРдин Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Мадаминов Гапыр Маматкулович Исхак Раззаковдун инсандык, жетекчилик өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндама жасады.
Талкууга Ош мамлекеттик университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун, Талас мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин, Нарын мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин жана башка аймактардагы колледждердин окумуштуулары, мугалимдери катышты.
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер И.Раззаковдун жердеши, чыгаан педагог Г.Мадаминов И.Раззаковдун өмүр жолуна байланышкан кызыктуу жаңы маалыматтарды айтып берди. Ал маалыматтардан улам Кыргызстандын өнүгүү жолунда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер И.Разаковдун өмүр жолун тереңдетип изилдөө кечиктирилгис маселе экендиги тегерек столдун катышуучулары тарабынан айтылды.
Суйорбек Таштемиров, Сыргак Сарыков и ещё 45
Комментарии: 9
Поделились: 7
Нравится

 

Комментировать
Поделиться
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial