Кыргыз-Өзбек университети онлайн бүтүрүү аземин уюштурду

 

4-июнь күнү Кыргыз-Өзбек университетинин 2019—2020-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө Zoom платформасынын жардамында онлайн «Бүтүрүү аземи» уюштурулду. Аталган аземге университеттен 300дөн ашуун бүтүрүүчүлөр катышты.

Иш- чарага КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору ф.и.к, доцент Сарыков Сыргык Токтосунович модераторлук кылды.

Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич учурдагы кырдаалга токтолуп, бүтүрүүчүлѳргө куттуктоосун жолдоду. «Бүгүн, биз сиздерди куттуу уябыздан учуруп жатабыз. Силер университетти аяктап, жаңы турмуш жолуна аттанып жатасыңар. Турмуш жолуңар байсалдуу болсун. Бизден алган билимди, тарбияны өз турмушуңарда натыйжалуу колдоносуңар деген үмүттѳбүз. Мындан нары дагы билимиңерди жогорулатуу үчүн магистратурага, аспирантурага тапшырып,келечегиңерге кам көргүлө. Билим уяңарды унутпай байланышта болуп тургула, силер биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүзсүңөр!»-деген каалоо тилегин билдирди.
Андан соң билим берип, акыл-насаатын айтып турган жалпы профессордук-окутуучулар. жамаатына да ыраазычылык сөзүн айтты.

КӨУнун түзүм жетекчилерине куттуктоо үчүн сөз берилип, бүтүрүүчүлөргө кыргыз эли сыймыктанган кыргыздын уул-кыздарынан болушуна тилектеш экенин билдиришип ак жол каалашты. Бүтүрүүчүлөр тарабынан берилген суроолорго тийешелүү жетекчилер жооп берип, жыйынтыгында жетекчиликке, мугалимдер жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек өлкөдөгү абалга байланыштуу студенттер жыл жыйынтыктоочу сынактарын онлайн режиминде тапшырып жатышат. Ошондой эле бүтүрүүчү курстар бүтүрүүчү квалификациялык иштерин жана мамлекеттик сынактарын Zoom платформасынын жардамында онлайн тапшырышат.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial