1-курстардын «Ыйгарым» аземи

1-курстардын «Ыйгарым» аземи

Кече, 14-ноябрь күнү КӨУнун башкы имаратында 1-курстарды студенттикке кабыл алуу боюнча «ЫЙГАРЫМ» аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө кызыктуу оюн-зооктор, ый-бийлер аткарылып, 1-курстар үчүн АЧКЫЧ тапшырылды жана студенттик билеттерге ээ болушту. Аземде окуу иштери боюнча проректор Топчубай Исаков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сыргак Сарыков, тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова, каржы-экономика факультетинин деканы Айнура Абжамилова, юридика-бажы факультетинин деканы Алмагүл Көкөева жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Рано Иминовалар куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, окууларына ийгиликтерди каалашты.

Кеченин аягында 4-курстун студенттери 1-курстарга ак жол каалап, белектерин тапшырышты.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial