“Түштүк Экспо – 2022” көргөзмө-жарманкеси башталды

“Түштүк Экспо – 2022” көргөзмө-жарманкеси башталды
Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы драма театрында “Түштүк Экспо – 2022” Эл аралык көзгөзмө-жарманкеси өтүп жатат.
Анын ачылышына КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Беларусь Республикасынын вице-премьер-министри баштаган делегация, Ош шаарынын жана облус жетекчилери катышты.
Аталган көргөзмө-жарманкеге Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети дагы активдүү катышууда.
Көргөзмө-жарманке 15-16-сентябрь күндөрү өтөт.