«Тандоо бар-баңги затсыз жашоо»

2022-жылдын 21-апрель күнү кесиптик колледждин ЭУКС бирикмеси жана Ош ШИИБнын баңгизаттарды мыйзамсыз жугүртүүгө каршы бөлүмү менен биргеликте «Тандоо бар-баңги затсыз жашоо» аттуу илимий семинар уюштурулду.
Илимий семинардын жүрүшүндө студенттер тарабынан баяндамалар жасалып, видео роликтер көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын ИИМнин БМЖКККнын ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Жапакова Гулмира Жузубалыевна баңгичиликке жана токсикоманияга берилүү көйгөйү жаш муундарда көбүрөөк кездешип, мыйзамсыз заттарды алгачкы даамдап көрүү өспүрүм курактагыларга туура келип жаткандыгын айтып, негизги себептери -кызыгуу, белгисиз сезимдерди башынан өткөргүсү келүү өспүрүмдөрдү баңгичиликке азгырып жатат деп белгилеп, баңги заттардан алыс болууга чакырды.
Соңунда студенттерге таркатма материалдар берилип жакшы суроо берген студенттерге белектер тапшырылды.