Студенттер кесиптик-базалык практикаларын өтөп келишти
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин 3-курсунун студенттери кесиптик-базалык практикаларын жыйынтыкташты.
Бул боюнча аталган факультетте жыйынтыктоо иш-чарасы өткөрүлүп, кесиптик-базалык практикаларын өтөп келген студенттер аткарган иштери туураалуу кеңири маалымат беришти.
Иш-чарага педагогикалык багыттар боюнча практика башчысы Амат Бердигулов, тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова катышып, студенттердин аткарган иштерине оң бааларын беришти.
Ал эми кесиптик-базалык практикага чыгуунун негизги максаты, студенттердин окутуунун технологияларын, усулдарын жана ыкмаларын өздөштүрүп, билимдерин кеңейтип, окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша иш алып баруунун ыкмаларын, усулдарын үйрөнүү болуп саналат.




