Студенттерге арналган Жаңы жылдык кече өттү

23-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерине арналган жыл жыйынтыктоочу майрамдык кечеси уюштурулду. Жыл сайын уюштурулуп келген “Ректордук бал-2021” майрамдык кече жогорку деңгээлде өттү.
Аталган майрамдык кечеге Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сыргак Сарыков катышып студенттерди ректордун атынан куттуктап, жыл ичинде окуудагы жетишкендиктери жана коомдук-маданий иш чаралардагы активдүүлүгү менен айырмаланган студенттерге Ардак грамоталарды тапшырды.
Буга улай эле окуу жайдын профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев куттуктоо сөзүн айтып, студенттерге атаган сыйлыктарын берди. Андан сырткары мыкты делген студенттер Ош шаардык мэриясынын, Ош шаарынын жаштар комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Факультет, колледждердин тарбия иштери боюнча декандын орун басарлары дагы катышып, студенттерди майрамы менен куттукташты.
Кечеде кызыктуу оюндар, конкурстар уюштурулуп, студенттерге жагымдуу маанай тартууланды.
Белгилей кетсек бул майрамдык салтанат Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректорунун демилгеси менен университеттин жаштар комитети тарабынан өткөрүлүп келет.