Ректор студенттердин суроолоруна жооп берди

«Студенттердин сынагына сынбайсыңбы?»
Ректор студенттердин суроолоруна жооп берди
Бүгүн, 30-март күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин англис филологиясы кафедрасы тарабынан «Студенттердин сынагына сынбайсыңбы?» аттуу иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чаранын коногу Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев болуп, студенттердин ар кандай багыттагы кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Соңунда ректор кызыктуу суроо берген студенттерге китеп белекке берип, окууларына ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө тарых-филология факультетинин деканы, кафедра башчысы, студенттер ректорго ыраазычылыктарын билдиришти.
Бул иш-чара англис филологиясы кафедрасында өтүп жаткан «English Week» жумалыгынын алкагында уюштурулду.