Окуу-усулдук кеңешинин кезектеги отуруму өттү

2022-жылдын 30-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу-усулдук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Күн тартибинде бүтүрүүчүнүн компетенттик модели; Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруунун жолдору; Окуу-усулдук колдонмолорду талкуулоо жана бекитүү маселелери каралды.
Окуу-усулдук кеңешке Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу» факультетинин окуу иштери боюнча директорунун орун басары Парманасова Айсулу Джээналиевна жана ушул эле университеттин «Квалификацияны жогорулатуу» бөлүмүнүн жетекчиси Атыканова Джамиля Аскарбековналар катышып, университеттер аралык кызматташуулар боюнча баяндама жасашты.
Ошондой эле «Педагогикалык чеберчиликти арттыруу» деген темада курстан өткөн угуучуларга сертификаттарды тапшырышты.