Тарбиялык жана маданий-массалык иштер


Акыл таймаш


«Кыргыз-Өзбек университетинин 25 жылдык мааракесине», «2019-жыл-Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата өткөрүлгөн «Устат-шакирт» кароо сынагында факультеттин «Дене тарбиянын теориясы жана методикасы» кафедрасынын окутуучусу Дарыбек уулу Дилафар жана «Физика» адистигинин 4-курсунун студенти Муратбек кызы Гулера менен биргеликте «Баш байгени» жана 10000 сом акчалай сыйлыкты багындырышты.

  

             

Факультеттин башкы маселелеринин бири — бардык окутуучулардын жана кызматкерлердин факультеттин жана университеттин студенттеринин интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлак өнүгүүсүнө жумшалган күч аракеттерди бириктирүү. Факультеттин уюштуруу түзүлүшүндө декандын тарбиялык иштери боюнча орун басары караштырылган, анын милдети болуп факультеттин тарбиялык процессин пландаштыруу жана уюштуруу жана студенттик кеңештин ишине жардам берүү.
             Факультеттин кураторлору жана студенттин кошуундун демилгеси менен жыл сайын төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт: традициалык шартта студенттер арасында           1-курстарга «Студенттикке кабыл алуу», 2-курстарга «Алтын ордолук», бүтүрүүчүлөргө акыркы коңгуроо, жатаканалар арасында КВН, Нооруз майрамына сүмөлөк кайнатуу, «Сармерден» кыз-жигит кароо сынагын өткөрүү, ар бир майрамга дубал газеталардын конкурстары салттуу уюштурулат. Факультетте студенттик «Ак чардак» театры, «Ха,ха, бойс» КВН командасы, волейбол, футбол, баскетбол спорттук командалар түзүлгөн жана факультеттер аралык мелдештерде белгилүү орундарга ээ болуп келишүүдө.
             Дене-тарбия кафедрасы жана анын курамындагы «Достук» спорттук клубу тарабынан ар кандай даталуу күндөргө карата спорттун түрлөрү боюнча студенттердин арасында жана профессордук-окутуучулар курамынын арасында дени сак, сергек жашоону кеңири жайылтуу жана күнүмдүк көндүмгө айландыруу, ден-соолук, спорттук мелдештери ар бир айда атайын түзүлгөн пландын негизинде уюштурулуп турат. Кафедранын практикалык сабактарын өткөрүүгө, спорттук машыгууга жана спорттун түрлөрү боюнча мелдештерди уюштурууга базасы аянты 48х14м спорттук манежден жана 24х12м спорттук залына айланасы жеңил атлетика ядро, 300м 4 чуркоо жолчолорунан, узундукка секирүү чуңкурдан, граната, найза ыргытуу жана ядро түртүү секторлорунан турат. Кафедранын окутуучуларынан жетекчилигинде спорттун 14 түрү боюнча спорттук тайпаларда студенттердин чеберчилигин жогорулатууга окуу-машыгуулар уюштурулган, алардын
     натыйжалуулугу бул окуу жылында Универсиада-2019 студенттердин Республикалык мелдештеринде
                     Университетибиздин  жигиттер жана кыздар арасында волейбол, шахмат кыздар жана балдар арасында, эркин күрөш
       жигиттер арасында 2-орунду, тогуз коргоол кыздар арасында 2-орун, жигиттер 3-орун, теннис жигиттер арасында
              2-орундарга жетишишти.

             Мамлекеттик тил майрамынын 30 жылдыгына карата Кыргыз-Өзбек университетинин табигый-педагогикалык факультетинин студенттери тарабынан уюштурулган «Кыргыз тили-кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан! » аттуу иш-чара жогорку деңгээлде болуп өттү.

             Иш-чаранын жыйынтыгында факультеттин деканы п.и.к. доцент Узакбаев Ибрагимжан Советович сөзгө чыгып, уюштуруучу окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирди.

Кыргыз-Озбек университетинин ТПФда 10-октябрь куну факультетин лидерин шайлоо болуп отту 4 талапкер катышып 39бал менен Камчыбек кызы Чолпон факультеттин лидери аталды шайлоо жабык турдо болуп 87 студент катышты жабык турдо отту


Олимпиада 11-12-октябрь кундору Бишкек шаарындагы И.Арабаев университетте болуп отту 8 университеттин студенттери катышты Кыргыз -Озбек университетинен ТпФдан Улукбек уулу Бекмамат,Самидинов Жоодар Мулажанова Н Абылкасымова Роза Маматкадырова Диана катышып 2-орунду ээлешти олимпиада 2 турда болду 1- турда теориялык тапшырмалар тест,карта мн иштоо 2- турда Аларча

улутттук паркында практикалык иш болду.


ТПФда ишембилик болуп студентер айлана чойрону жана ар бир аудиторияны иретке келтиришти


Табигый илимий билим берүү багытынын студенттеринин 2018-жыл окуу жылындагы Сары-Челек мамлеккеттик биосфералык коругундагы аткарган окуу-талаа практикасы. Биология адистиги окуу-талаа практикасы учурунда

ТИББ(г)-1-18 студенти талаа изилдөлөрү учурунда 

Метралиологиялык станция менен таанышуу учуру Сары-Челек

ТИББ(б)-1-16 тайпасынын студенттери жергиликтүү фауна жана флора менен танышууда.

ТИББ(б)-1-18 тайпасынын студенти ийне жалбырактуулардын зыянкечтерин изилдөөдө.


Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial