Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү

Бүгүн, 30-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Аталган отурумда күн тартибине ылайык окуу жайдын сырттан жана дистанттык окутуу боюнча проректору Алтынбек Зулпукаров университеттеги дистанттык окутуунун жана окуу процессин автоматташтыруунун абалы; жетишкендиктер, көйгөйлөр, алдыдагы милдеттер тууралуу баяндамасын жасады.
Андан соң Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев университеттин 2017-2020-жылдары үчүн стратегиялык планынын аткарылуусу тууралуу кеңири маалымат берип, талкууга алып чыкты.
Ошондой эле университеттин аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Акмарал Тентимишова университеттеги ваканттык орундарга конкурстук шайлоо өткөрүү боюнча маалымат берди.
Соңунда ар түрдүү маселелер каралып, берилген маалыматтар боюнча окумуштуулар кеңеши тарабынан сунуш, пикирлер айтылды.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial