«Манас жана Айтматов ааламы» аттуу адабий-музыкалык кече өттү

Бүгүн, 16-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинде 4-декабрь «Манас» күнүнө, 12-декабрь Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата «Манас жана Айтматов ааламы» аттуу адабий-музыкалык кече өттү.
Аталган адабий иш чарага тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова баштаган факультеттин жамааты, студенттер катышты.
Анда, факультеттеги таланттуу студенттер тарабынан даярдалган улуу жазуучу Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр аткарылып, Манас айтылып, Айтматовго арналган ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар ырдалды.
Тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова: «Бул иш чараны уюштуруунун максаты «Манас» эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын, рухий баалуулуктарын өсүп келе жаткан муундарга, студенттерге кеңири жайылтуу, сактоо жана таланттуу манасчыларды тарбиялоо»,-экенине токтолду.
Иш чара кыргыз-филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган.
и ещё 9
40
Комментарии: 12
Поделились: 3
Нравится

 

Комментировать
Поделиться