Маданий-массалык иш -чаралар

Тарбиялык жана маданий-массалык иштери

«Каржы жана башкаруу» кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери окуу- усулдук жана илимий изилдөө иштери  менен гана чектелбестен окуудан сырткары учурларда ар кандай коомдук маданий-массалык  иштерге дилгирлик менен катышып келишүүдө.

Факультетте уюштурулган шайыр студент балдар кыздардан куралган “Брокерлер” командасына кафедранын студенттери да катышышып , алар университеттик жана ЖОЖдор аралык деңгээлдеги «Тамашоу» таймаштарында кызыктуу оюндарды көрсөтүп келишет. Факультеттин студенттеринин курамынан түзүлгөн Форвард командабыз “10-ноябрь «Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө” жана “17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө” карата уюштурулган “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнунда II даражадагы диплом менен сыйланды. Студенттерибиз университеттин алкагында уюштурулган «КӨУнин мырзасы», «КӨУнин периси» кароо-сынактарына катышып, ийигиликтерди жаратып келишет. Ошондой эле университеттин деңгээлдеги «Кош жылдыз», «Устат шакирт» кароо сынактарында окутуучулар студенттер менен биргеликте катышуу менен байгелүү орундарды багындырышып келет.

Андан сырткары жыл сайын салтка айланган студенттер жана окутуучулар арасында «Спорттук спартакиадага» да биздин кафедранын мүчөлөрү активдүү катышып келет. Биздин студенттер бир гана окуу-жайдын спорттук мелдештери менен чектелбестен республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерде да жетишкендиктери көрсөтүп, спорт чебери болушууда.  Профессордук-окутуучулар курамы студенттерге таалим тарбия иштерин жүргүзүү менен бирге окуудагы ар түрдүү маселерерин чечүүгө жакындан жардам берип келишет. Ар жума сайын куратордук сааттар уюштурулуп,  анда саясий-экономикалык, социалдык маселелерди талкуулашып, студенттердин дүйнөлүк көз караштарын калыптандырууда чоң  салымдарын кошушууда. Окуу сессия учурунда “Ишеним кутучасы”, “Ишеним телефону” тынымсыз иштеп турат. Андан сырткары студенттер кошуну башында болгон алдынкы студенттерден турган комиссия түзүлүп коррупцияга каршы көзөмөл иш чараларды жүргүзүшөт.  Кафедра мамлекеттик, шаардык жана университеттик маданий иш чараларга активдүү катышышат.

 

«Каржы жана башкаруу» кафедрасынын профессордук- окутуучу жамаатынын талыкпай эмгектенүүсүнүн  натыйжасында аталган  кафедра окуу- усулдук, тарбия-таалим, илимий изилдоо ишмердүүлүктөрүндө 2018-2019-окуу  жылынын жыйынтыгында жетишкен ийгиликтери менен  атайын комиссиянын баалоосунун негизинде университеттин

“Эн мыкты кафедрасы”,- деп табылды.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial