КӨУдагы аралыктан окутуунун жана мугалимдер менен студенттердин ортосундагы байланыштардын натыйжалуулугу

Кыргыз-Өзбек университетинде корона вирус оорусуна каршы ректор башында турган ыкчам иш алып баруучу атайын жумушчу топтун графиги түзүлгөн.
Ал эми окуу процеси окуу жайдын ректорунун 2020-жылдын 16-мартындагы №21-ни буйругунун негизинде 16-марттан тартып толук түрдө дистанттык окутуу технологиясын колдонуу менен жүргүзүлүүдө.
Ар аптада өткөрүлгөн онлайн түрүндөгү өндүрүштүк жыйында окуу департаменти тарабынан аралыктан билим алуудагы мугалимдер менен студенттердин ортосундагы байланыштын натыйжалуулугу талкууланып турат. Зарыл болгон мугалимдерге маалыматтык технологияларды пайдалануунун жол-жобосу боюнча усулдук багыттамалар берилип жатат. Мугалимдер кезек-кезеги менен тайпадагы студенттерге байланышка чыгып, сабактын жүрүшүн үзгүлтүккө учуратпай улантууда

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial