Кыргык Эл аралык университетинин ректору Россиянын төрт жогорку окуу жайы менен кызматташуу келишимине кол койдуз-Өзбе

Россия федерациясынын Екатеринбург шаарында Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ректорлорунун биргелешкен эл аралык II форуму өз ишин баштады.
Аталган форумга Орусиянын алтымыш, Кыргызстандын отуз бир ректору катышууда. 8-июнда башталган ынтымак форуму 9-июнда жыйынтыкталары күтүлүүдө.
Форумдун алкагында, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев Владимир мамлекеттик университетинин, Алтай мамлекеттик университетинин, Урал мамлекеттик жол байланышы университетинин, Гуманитардык университетинин жетекчилери менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерди түзүүгө жетишти .
Белгиленген россиялык жогорку окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдерде билим берүү жана илим багытында кызматташып, студент, магистрант жана аспиранттардын академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруп, окумуштуу-окутуучулардын арасында тажырыйба алмашууларды колго алуу каралган. Мындан сырткары келишимде конок лекцияларды, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруп, биргелешкен илимий долбоорлорду жүзөгө ашыруу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы илим-билим жаатындагы жана маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.