Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Kyrgyz-Uzbek international university

30-ноябрь күнү Түрк кеңешине мүчө өлкөлөр арасындагы жогорку билим берүү тармагында кызматташтык жүргүзүү максатында түзүлгөн Түрк университеттер биримдигинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Аталган жыйынга Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев катышты. Анда «Орхун» мобилдүүлүк программасы боюнча маалыматтар айтылып, 2022-окуу жылы үчүн пландары талкууланды.
Соңунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректорлору эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюушту.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial