Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Кыргызско-Узбекский Международный университет Kyrgyz Uzbek International University

Эверест чокусун багындырган алгачкы кыргыз альпинистти Эдуард Кубатов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери менен жолукту
Бүгүн, 2-ноябрь күнү Эверест чокусун багындырган алгачкы кыргыз альпинистти Эдуард Кубатов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди.
Кыргыздын сыймыктуу альпинисттин Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алып, анын жасаган эрдиктерине токтолуп, окуу жай жөнүндө кенен маалымат берди.
Андан соң Эдуард Кубатов окуу жайдын мугалимдери, студенттери менен жолугушуп, жетишкен ийгиликтерин, Эверест чокусун багындыруудагы кыйынчылыктарды айтып, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип, бардык ийгиликтин артында талбаган эмгек турарын баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда студенттер ыраазычылыктарын билдиришип, белектерин берип, эстелик үчүн сүрөткө түшүп, жылуу маанайда узатышты.
1972-жылы 2-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кудургу айылыда төрөлгөн.1996-жылы Кыргыз улуттук университетинде «Юриспруденция» адистигине ээ болгон жана Россия Федерациясынын сырткы чалгындоо Академиясын бүтүргөн.
2014-жылдан баштап Робуст Ресурсес Лимитед компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору. Өлкөдөгү алтын өндүрүү долбоорлорун жетектейт, Эл аралык бизнес кеңешинин мүчөсү жана Кыргыз-Россия экономикалык кеңешинин төрагасынын орун басары.
2013-жылдын 13-февралында Түштүк Американын Аконкагуа тоосуна Кыргызстандын желегин орноткон. 2021-жылдын 23-майында 8848 метр бийиктиктеги Эверест чокусун багындырган. Андан сырткары, бокс, көк-бөрү улуттук оюну жана триатлон (2017-жылы Абу-Дабидеги дүйнө кубогунун катышуучусу) менен алектенет. Эдуард Кубатов менеджер, ишкер, алтын казуучу, дипломат жана КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин мурдагы кызматкери.
и ещё 16
74
Комментарии: 7
Поделились: 6
Нравится

 

Комментировать
Поделиться