Жаш балдарга арналган Жаңы жылдык кече

Кече, 26-декабрь күнү Ош шаарындагы «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бириккен профсоюз уюмунун Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын жана кызматкерлеринин жаш балдарына арналган Жаңы жылдык кечеси өттү.
Ага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, жана окутуучулар жамааты жаш балдары менен катышты.
Майрамдык иш-чарада, «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунун таланттары тарабынан Аяз ата, Аяз кыздын катышуусунда театралдашкан жомок көрсөтүлүп, жалпыга ыр, бий тартууланды.
Бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев: «Бул самаалык жыл сайын университеттин профессордук-окутуучулар жамаатынын жана кызматкерлеринин балдарына арналып уюштурулуп келет. Аз да болсо кесиптештерибиздин балдарынын манаайын көтөрүп, алардын жүзүнө жылмаюу тартуулап турабыз. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө кут береке төгүлүп турсун, жаңырган жыл жакшылыктын, токчулуктун жылы болсун, бөбөктөргө окууңарга ийгиликтерди жана достукту, ынтымакты каалайм»-деген куттуктоо сөзүн айтты.
Майрамдык иш чаранын соңунда балдарга профсоюз уюму тарабынан белектер тапшырылды.