Жаз майрамдарына арналган иш-чара уюштурулду

2022-жылдын 31-март күнү инженердик-технологиялык факультетинде жаз майрамдарына арналган иш-чара өттү.
Бул иш-чарада таланттуу студенттер кыргыздын каада-салттарын чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү көргөзүп, кыз-жигиттердин акыйнек, макал-лакап айтышы менен коштолду.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, инженердик-технологиялык факультетинин деканы Ильяз Исаев иш-чаранын катышуучуларын жаз майрамдары менен куттукташып, студенттердин окууларына ийгиликтерди, чыгармачылык жаратмандыкты каалашты.