Бүгүн Кыргыз-Өзбек университетинде Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди.

КӨУнун юридика-бажы факультетинин айымдары тарабынан 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Майрамдык салтанатка КӨУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, академик Мухамеджан Мамасаидов, КӨУнун аялдар кеңешинин төрайымы Жийдегүл Жээнбекова катышып мырзаларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттукташты.
Майрамдык кече юридика-бажы факультетинин эжекелери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial