Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде стажировканы туруктуу уюштуруу механизмин талкулоо» иш — чарасына активдүү катышып келдик…

Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде стажировканы туруктуу уюштуруу механизмин талкулоо» иш — чарасына активдүү катышып келдик. Бул иш чарага КРнын Өкмөтүнүн, КРнын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, баардык министрликтин өкүлдөрү, КРнын Мамлекеттик Кадр кызматынын жетекчилиги, БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. КРнын Мамлекеттик Кадр кызматы, БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси жана Кыргыз-Өзбек университети КРнын Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагындагы, шаарларындагы мамлекеттик ж-а муниципалдык мекемелеринде стажерлорду стажировка өтөө боюнча иш алып баруудабыз. Жакшы жыйынтыктар байкалып, стажерлор кызматтарга орношо баштады жана көпчүлүк насаатчылар, стажерлор бул программаны өлкө деңгээлинде уюштурууну каалашып, сурангандар көп. Ушул максатта бүгүнкү талкууга Кыргыз-Өзбек университетинин атынан презентация жасадым. Биздин бүтүрүүчүлөр биринчи кезекте өзүбүздүн мамлекетибизге кызмат кылуусуна баарыбыз шарт түзүп бергени аракет кылышыбыз керек. Жогорудагы стажировканын негизинде жумушка жайгашышып, өз мекенибизге алар кызмат кылышып, көпчүлүгүбүз жакшы жыйынтыктарын көрүүдөбүз. Алдыдагы пландарда бул программа колдоого алынып, жакшы натыйжаларды берет деген чоң ишеничтебиз.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial