Афина техникалык университетинин инженерия факультетинин профессору Петрос Аксаопоулос Еразмус программасынын алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди.

Алгач Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин кабыл алуусунда болуп, академиялык мобилдүүлүктү активдештирүү, энергетика багытында иштелип чыккан окуу-усулдук колдонмолорду орус, кыргыз тилдерине которуу менен окуу теориясына киргизүү маселелери талкууланып, эл аралык масштабда тегерек стол өткөрүү боюнча пландар талкууланды.
Андан соң инженердик-технологиялык факультетинин окутуучулары, студенттери менен жолугушуу болуп, кызыктуу баарлашуу уюштурулду. Белгилей кетсек Петрос Аксаопоулос университеттин эл аралык байланыштар жана инвестиция департаментинин чакыруусу менен келген.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial