Апрель революциясынын баатыры, жаш акын Алымбек Аракеевди эскерүү кечеси болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинде “Сезимимдин үмүтү” аталышында Апрель революциясынын баатыры, жаш акын Алымбек Аракеевди эскерүү кечеси болуп өттү.
Эскерүү кечесине университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, илимий иштер боюнча проректор, профессор Медербек Исманов келип катышты.
Кече колледждин студенттери тарабынан баатыр акындын өмүр жолун чагылдырган презентация менен ачылды. Андан соң колледждин чыгармачыл студенттери Алымбек Аракеевдин ырларынан көркөм окушту. Ага улай эле тарых мугалими Шавкат Атаханов 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча атайын баяндама жасады.
Ал эми баатыр акын Алымбектин атасы, кесиптик колледждин окутуучусу Токтобек Аракеев уулу Алымбектин балалык күндөрү, аруу тилектери жөнүндө айтып берди.
Ректор Чаткалбай Райымбаев Алымбектин тоо арасындагы чакан айылда өсүп, билимдүү үй-бөлөдө тарбиялангандыгын белгиледи.
Эскерүү кечесинин соңунда адилетсиз бийликке каршы туруп, элдин жыргалчылыгы үчүн күрөштө курман болгон жигиттердин эрдиги ар дайым эскерилип турушу керек экендиги айтылды.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial