“СПИДсиз жашоо-жаркын келечек” «A bright future without AIDS»

29-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжи тарабынан 1-декабрь-СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата “СПИДсиз жашоо-жаркын келечек” аталышында бир жумулык жарыяланган. Бүгүн 30-ноябрь күнү аталган жумалыктын алкагында тегерек стол уюштурулду.
Тегерек столго Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков, медициналык колледждин директору Равшан Джумаев, Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ташболотов Сабыр Каналиевич, Ош облустар аралык наркология борборунун нарколог-дарыгери Тилекчиева Анаркан Тиленчиевна, Ош облустар аралык тери жана венерологиялык борборунун дарыгери Маматисаков Абдукахар Абдуманапович жана окутуучулар жамааты, студенттер катышты.
Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ташболотов Сабыр Каналиевич тегерек столдо СПИД оорусунун тарыхын, келип чыгуу жолдорун айтып, оорудан кантип сактануу керектиги тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Андан сырткары атайын чакырылган дарыгерлер өздөрүнүн профилине жараша СПИД илдети боюнча кенен токтолушуп , студенттердин суроолоруна жооп беришти.
Медициналык колледждин студенттери Жаркынбай кызы Мээрим жана Айбек уулу Нурсултан СПИД тууралуу өздөрүнүн баяндамаларын жасашты.
Соңунда медициналык колледждин директору Равшан Джумаев келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, ден соолугубузга кам көрүп, жаман илдеттен оолак бололу деген каалоосу менен иш чараны жыйынтыктады.
Учурда ВИЧ/СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат. Иш чаранын негизги максаты ооруу тууралуу түшүнүктү студенттерге, жаштарга жеткирип, бул коркунучтуу оорунун алдын алуу болуп саналат.
Бир жумалыктын алкагында тарбиялык жана ачык сабактар, куратордук сабактар уюштурулуп, дубал газеталардын конкурсу жарыяланган. СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө арналган жумалык 3-декабрда жыйынтыкталат.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial