Мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу уланууда
🔴 Тарых-филология факультетинин тарых жана философия кафедрасынын окутуучулары тарабынан Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү.
🔵 Жолугушууга Кыргыз-Өзбек университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Атабаев Азиз катышып университет жөнүндө кеңири маалымат берди. Бүтүрүүчүлөрдөн кызыктуу суроолор келип, жолугушуу абдан кызыктуу өттү.