Кыргыз-Өзбек университети Россиялык-Кыргызстандык техникалык университеттеринин консорциумунун жаңы мүчөсү катары катталды
Кыргыз-Өзбек университети Россиялык-Кыргызстандык техникалык университеттеринин консорциумунун жаңы мүчөсү катары катталды
Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Россиялык-Кыргызстандык техникалык университеттеринин консорциумунда «Илимий-техникалык жана билим берүү алкактарындагы интеграциялык процесстер» аталышындагы VI эл аралык илимий-техникалык конференция онлайн режиминде болуп өттү.

Конференциянын уюштуруучулары:

И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети;

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университети;

«МЭИ» Улуттук изилдөө университети;

Д.Ф.Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтия мамлекеттик техникалык университети;

Санкт-Петербург маалыматтык технологияларды, механикаларды жана оптикаларды изилдөө улуттук университети;

Москва автомабил-жол мамлекеттик техникалык университети;

Г.И.Носов атындагы Магнитагорский мамлекеттик техникалык университети;

Москва улуттук изилдөө мамлекеттик курулуш университети;

Томский улуттук изилдөө политехникалык университети болуп эсептелет.
Жыйындын жүрүшүндө КӨУнун ректору, э.и.д., профессор Ч.К.Райымбаев окуу жайдын өнүгүү жолу боюнча кеңири маалымат берди.