Иш чаралар

 Карьераны өнүктүрүү жана ЖОЖдорго чейинки даярдык борбору      Иш чаралар  Тиешелүү документтер




Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынан, шаарларынан келген Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарында стажировка өтөп жаткан, стажёрлордун насаатчылары, жетекчилери, иш берүүчүлөр менен 2 күндүк семинар өткөрүлдү. Жаңы бүтүрүүчү, стажер менен кандай мамиледе болуу, стажёр менен кантип эффективдүү иш алып барса болот ж.б. кызыктуу темада семинар уюштурулду. Бул программанын максаты кадрдык тартыштыкты убактылуу толуктоо, штаттык кызматкерлерге оорчулукту азайтуу, жаш адистерге тажрыйба менен бөлүшүү, карьердик келечекти өркүндөтүү аркылуу жаш адистерге дем берүү ниетинде КРнын Мамлекеттик кадр кызматы, БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси жана Кыргыз-Өзбек университети менен биргеликте бүтүрүүчүлөр, иш издөөчүлөр үчүн бул программаны ишке ашыруудабыз. Семинарга катышып берген,биз менен жылуу мамиледе иштешип жаткан баардык жетекчилерге, насаатчыларыбызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда!


Аймактарды кыдыруу уланууда!
Кара-Суу шаардык мэриясында, Кара-Суу райондук сотунда, Ош шаарындагы Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында ж.б. Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарында стажировка өтөп жаткан, стажёрлордун насаатчылары, жетекчилери менен жолугушуу иштерин өткөрүп, стажёрлорго мониторинг жүргүзүп келдик. Кадрдык тартыштыкты убактылуу толуктоо, штаттык кызматкерлерге оорчулукту азайтуу, жаш адистерге тажрыйба менен бөлүшүү, карьердик келечекти өркүндөтүү аркылуу жаш адистерге дем берүү максатында КРнын Мамлекеттик кадр кызматы, БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси жана Кыргыз-Өзбек университети менен биргеликте бүтүрүүчүлөр, иш издөөчүлөр үчүн бул программаны ишке ашыруудабыз. Жылуу кабыл алган баардык жетекчилерге, насаатчыларыбызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Буйруса дагы башка аймактарда иш сапарларды жүргүзөбүз. Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда!


«Бош иш орундары жарманкеси — 2019 » иш-чарасын бүтүрүүчүлөр, иш издөөчүлөр үчүн шаардык деңгэээлде өткөрдүк. Ош Пирим телеканалына ыраазычылык билдиребиз!


Бүгүн, 21-май күнү Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана жумуш издегендер үчүн «Бош орундар жармаңкеси-2019» иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын Карьера борборунун жетекчиси Сагын Маманов билдирди.
http://www.turmush.kg/news:367030/?from=kg_turmush&place=newstoplast&fbclid=IwAR1kIZe46MMx26JOy0xnR47tfix0WI5UbzL-TpW_GLBXDmsiOMQRlw5Ch9A


Жалал-Абад облусунда жана Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарында стажировка өтөп жаткан, стажёрлордун насаатчылары, жетекчилери менен жолугушуу иштерин өткөрүп, стажёрлорго мониторинг жүргүзүп келдик. Кадрдык тартыштыкты убактылуу толуктоо, штаттык кызматкерлерге оорчулукту азайтуу, жаш адистерге тажрыйба менен бөлүшүү, карьердик келечекти өркүндөтүү аркылуу жаш адистерге дем берүү максатында КРнын Мамлекеттик кадр кызматы, БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси жана Кыргыз-Өзбек университети менен биргеликте бүтүрүүчүлөр, иш издөөчүлөр үчүн бул программаны ишке ашыруудабыз. Жылуу кабыл алган баардык жетекчилерге, насаатчыларыбызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Буйруса дагы башка аймактарда иш сапарларды жүргүзөбүз. Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда!


Кыргыз-Өзбек университети, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте «Бош иш орундары жарманкеси- 2019» иш-чарасы өткөрүлдү. Окуу жайдын ректору,профессор Ч.К.Райымбаев баштаган ректорат курамы, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү,Адам укугу боюнча Борбордук — Азиядагы БУУнун кеңсесинин өкүлдөрү иш-чарага катышышып, 20дан ашуун мекеме иш каналар, иш берүүчүлөр 503 ваканттык орундарды бүтүрүүчүлөргө, иш издөөчүлөргө сунушташты. Иш берүүчүлөр тарабынан даярдалган тактайчалар менен таанышуу, суроо жооп, кеңеш берүү иштери жүргүзүлдү. Иш чаранын экинчи бөлүгүндө жогорудагы өкүлдөрдүн жана КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн катышуусунда бүтүрүүчүлөр үчүн (Укуктук, ишке орношуудагы көйгөйлөр, иш берүүчүлөр менен иш издөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелер,аккредитациядагы талаптар ж.б. багытта) семинар тренинг өткөрүлдү.Жалпы келип берген конокторго, иш берүүчүлөргө, массалык маалымат каражаттарына ж.б. терең ыраазычылык билдиребиз.


Терең ыраазычылык!
Кыргыз-Өзбек университетибизде бүгүн «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү. Көптөгөн региондордон абитуриенттер келип катышып кетишти.Ошолордун катарында Ош облусунун Кара-Суу, Чоң-Алай, Араван райондорунан, Ош шаарынан жана Жалал-Абад облусунун аймактарынан дагы мектеп окуучулары катышышты. Атайын жазган катыбызга жооп берип, сунушума макул болуп, жооптууларды дайындап, мектеп окуучуларды катыштырып беришкендиги үчүн аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары Гүлайым Эгемназаровнага, Пазыл Мисиратиллаевичке, Мурзабек Токоевичке терең ыраазычылык билдиребиз. Эл, жер жана келечек муун үчүн кызмат кылып, биз сыйлаган жетекчилерден болуп жүрө беришиңиздерге тилектешпиз.


«Бош иш орундары жарманкеси» иш-чарасын 4чү ирет шаардык деңгээлде өткөрдүк, бүтүрүүчүлөр жана иш издөөчүлөр үчүн. ОшТВ телерадиокомпаниясына терең ыраазычылык билдиребиз жана жетекчилигине, жамаатына ийгиликтерди каалайбыз!


Урматтуу мектеп бүтүрүүчүлөрү! Сиздерди 2019-жылдын 27-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университети тарабынан уюштурулуп жаткан «Ачык эшиктер күнүнө» чакырабыз. Келип, университет тууралуу толук маалымат алып, кызыктуу концерттик программага күбө болуп, жаңы заманбап материалдык-техникалык базасы менен таанышып кетүүгө чакырабыз. Каттоо саат 9:00до башталат. Дареги: Ош шаары Г.Айтиев көч. 27 (Сулайман тоо тараптагы окуу корпусу.
Бай.үчүн тел: 0555212757 0773027038
Элект. дарек: sagynbek.mamanov@mail.ru
Инстаграм: sagynbekmamanov
Бул окуу жайда билим алып, кудайга шүгүр көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Татыктуу тарбия, билим бере алды. Мисал үчүн : Алты тилде эркин сүйлөй алган, Орто-Азияга белгилүү төкмө акын, мыкты тренер, татыктуу окутуучу Идрис Айитбаев Кыргыз-Өзбек университетинде билим алган. КРнын Президенттик «Үмүт» атындагы стипендиясынын ээси болгон. Ушул мыктыларга окшогон жакшы инсандар менен тааныштым. Ата энемдин тарбиясы, албетте Аллахтын колдоосу, мугалимдеримдин туура багыты, алдыга болгон зор ишеним менен КРнын Президенттик стипендиясынын ээси, 20000ге жакын студенттердин төрагасы, Кыргызстан боюнча республикалык деңгээлде 10жылдан ашуун убакыт аралыгында, бул доолбор башталгандан бери ЭлТР МТРКсынын эфиринен чыгып келе жаткан «Билерман Ордо» интеллектуалдык телеоюнунда команда капитаны, Ош шаары боюнча «Мыкты ЖКнын төрагасы» Орто-Азия өлкөлөрүндө жана алыскы чет мамлекеттерде өткөрүлгөн эл аралык форумдардын катышуусу, өлкөбүздүн көпчүлүк региондорунда жолугушуулардын, интеллектуалдык таймаштардын ж.б. иш чаралардын уюштуруучусу болууга жетиштим. Дагы бир жолу кудайга шүгүр көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдөбүз. О.э. биринчи болуп мыкты оюнчу билерман Шадман Маматисаков экөөбүз «1111 кызыктуу суроо жооп» китебин түзүүчүлөрдөн болдук. Ар тармакта иштеген ага, ини, дос, тааныш адамдарды таптык. Бул менен айтаарым Кыргыз-Өзбек университетин тандап, терең билим алып, катуу изденип, жакшы кесиптин ээси болуп, ата энеңдин ак сүтүн актаган, Эгемендүү Кыргызстаныбызды даңктаган мыкты инсандардан болушуңарга тилектешпиз. Жакшы ниет, тынымсыз аракет, зор ишеним, татыктуу тарбия билим алуу менен бирге, буйруса баардык ийгиликтерди багындырсак болот!


Иш берүүчүлөр Кыргыз-Өзбек университетинде!
Бүгүн Кыргыз-Өзбек университетинде гранттык негизде окуп, бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөрдү атайын түзүлгөн комиссиянын жана иш берүүчүлөрдүн катышуусунда ишке орноштуруу жана иш орундарына бөлүштүрүү иштери болуп өттү. Ошондой эле алыстан жана жакындан келген коноктор окуу жайыбыздын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып, студенттер үчүн эң жакшы шарттарды түзүп келе жаткан университеттин жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылыгын билдирип кайтышты!
Биздин университет, биздин сыймыгыбыз!


Sekom билим берүү мекемесинде ЖРТга даярданып жаткан 150дөй мектеп бүтүрүүчүлөрү Кыргыз-Өзбек университетиндеги адистиктер жөнүндө маалымат алып, окуу жай менен таанышышты. Абитруенттер өлкөбүздүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусунун аймактарынан келишкен.


9-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университинин инженер-технологиялык факультетинин бутүрүүчүлөрү менен иш берүүчүлөрдүн жолугушуусу болду. Жолугушууда негизги билим берүү программалары тууралуу кызуу талкуу болду


Улуу Кыргыз салтыбызды даңазалаган, Ак калпак майрамыңыздар менен! Түптүү тарыхыбыз, эр жүрөк баатырларыбыз, акылдуу-ажарлуу энелерибиз, ар дайым калыс сөзүн айткан инсандарыбыз, нукура салтыбыз, эч бир элде жок бой үйүбүз, мукам үндүү комузубуз, баарын шаңга бөлөгөн бийибиз, мааниси терең учкул сөздөрүбүз, Улуу Жаратканыбыз берген кооз жаратылышыбыз, ата бабабыз душман менен согушуп, келечек муунга сактап келген кен байлыктарыбыз, баа жеткис символикаларыбыз жана эң негизгизи Эгемендүү Кыргыз Мамлекетибиз бар үчүн биз бактылуубуз!Буйруса эки дүйнө бактылуу болушуңуздарга тилектешмин! Ушул баа жеткис балуулуктарыбызды барктайлы, сактайлы жана кылымдарга, дүйнө элине даңктайлы!


Бүгүн , 18-январь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүндө «Мектебим менин эсимде » долбоорунун алкагында орто мектептер аралык «Акылман» интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Ага улай эле атайын барган коноктор тарабынан туура багыт берүү, туура кесип тандоо, максат коюу боюнча тренингдер уюштурулуп мектептерде эң жакшы окуган, үлгүлүү жүрүм-турумга ээ болгон алдыңкы окуучуларды Ош облусунун жаштар иштери дене тарбия жана спорт башкармалыгынын «Ардак грамотасы» менен сыйланышты!

Жалпы колдоо көрсөткөн , демөөрчүлүк кылган Кыргыз-өзбек университетинин карыера борборунун директору , билерман ордо интеллектуалдык оюнунун капитаны Сагынбек Мамановго, Папан жергесинини айылдык кеңешинин депутаты , сыймыктуу агабыз Кутманали Карыбековго, ошондой эле Ош облусунун жаштар иштери дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бактияр Карыбековго терең ыраазычылык билдиребиз!


Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жана ыймандуу жаштардын колунда! Ош облусунун Карасуу, Араван жана Алай райондорунун мектеп мугалимдери, окуучулары, бүтүрүүчүлөрү арасында кесипке багыт берүү, жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТге) даярдоо жана интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү максатында жолугушуу иш чаралары өткөрүлдү. Кыргыз -Өзбек университетинин ЖОЖдорго чейинки даярдык жана Карьераны өнүктүрүү борбору тарабынан бул иш чаралар,жолугушуулар уюштурулуп,мектеп окуучулары үчүн эң ыңгайлуу болгон,ЖРТге даярдоо курсу уюштурулуп жатат,курска катышуучуларды,калоочуларды кабыл алуу уланып жатат,активдүү окуган,жигердүү катышуучулар үчүн жетекчилик менен макулдашылган абалда жеңилдиктер бер.т.
«Бүгүнкү тынымсыз аракетиң,эртеңки ишенимдүү жеңишиң»!
Байланыш үчүн телефон! 0555 212-757 (Ватсап) sagynbek.mamanov@mail.ru
Сагынбек Маманов (фейсбук)


Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жана илимдүү жаштардын колунда! Мектеп бүтүрүүчүлөр,мугалимдер жана жалпы окуучулар арасында кесипке багыт берүү, татыктуу билим алууга кызыктыруу жана Жалпы Республикалык тестке (ЖРТга) даярдоо боюнча жолугушуулар болуп өттү. Мыкты окутуучулар көп жылдык тажрыйбасы жана өзгөчө методдору менен мектеп бүтүрүүчүлөрүн ЖРТга даярдоодо жакшы жыйынтыктарын көрсөтүп келет. 2018-жылдын 1-ноябрь күнүнөн тартып,ЖРТга даярдоо башталат. Даярдоо курсуна активдүү катышкан, аракети жакшы ж.б. критерийлерге жооп берген абитуриенттерге жетекчилик менен макулдашылган абалда жеңилдиктер бер.т. Дареги: Ош шаары, Түштүк-Чыгыш кичи району, Исанова көч.79 Кыргыз-Өзбек университети. Бүгүнкү күндөгү сенин тынымсыз мээнетиң, келечекке болгон ишенимдүү жеңишиң! Бай.тел: 0555-212-757 (ватсап номер) Электр. дарек: sagynbek.mamanov@mail.ru Фейсбук:Сагынбек Маманов



Бугун, 5-июль куну «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Окмотуно караштуу жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери жана Этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Оштогу болуму тарабынан «Элдин биримдигин чындоодо жана региондорду онуктуруудо жаштардын орду» аталышындагы жаштар форуму болуп отту.

Жаштар форумуна Кыргыз-Озбек университетинин карьера борборунун жетекчиси Сагынбек Маманов, университеттин жаш кызматкерлери жана студенттери катышып келишти.


Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда! Көп жылдан бери, Кыргызстаныбыздын аймактарында мектеп окучуулары,бүтүрүүчүлөрү,орто, жогорку окуу жайдын студент жаштары арасында жолугушууларды,семинар тренингдерди,кесипке багыт берүү иштерин жана «Билерман ордо» интеллектуалдык таймашын уюштуруп келүүдөбүз.Ушундай иш чараларды Кызыл-Кыя шаарында дагы буга чейин мектеп окуучулары,орто жана жогорку окуу жайлардагы студент жаштар арасында бул таймаштарды өткөрүп келгенбиз.Жакында жогоруда айтылгандай келечек муунду билим алууга, тарыхыбызды,мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү инсандарды даңазалоо максатында КРнын «Эл баатыры» көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Масалиев Абсамат Масалиевичтин урматына арналган чоң иш чара болуп өттү.Иш чарага КРнын Жогорку кеңешинин депутаты Исхак Масалиев, Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,шаардык кеңештин депутаттары,жогорку орто окуу жайдын жетекчилери,мектеп жааматтары,окуучулар жана студент жаштар катышты.Белгилүү мамлекеттик ишмер Масалиев Абсамат Масалиевич жөнүндө келечек муунга,катышуучуларга пайдалуу сөздөр айтылды.Ошол эле учурда кесипке багыт берүү боюнча жолугушуу уюштурулду жана командалар арасында «Билерман ордо» интеллектуалдык таймаш өткөрүлүп,жыйынтыгында катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар берилди. «Мыкты оюнчуга» 100доллар акчалай сыйлык жана баалуу китептерди белекке берип,моралдык жана материалдык жардам көрсөткөндүгү үчүн КРнын Жогорку кеңешинин депутаты эл уулу Исхак Масалиев агабызга терең ыраазычылык билдиребиз.Кызыл-Кыя шаардык мэриясы баардык командаларды баалуу сыйлыктар,диплом,грамоталар менен сыйлап,эң жакшы иш чараларды уюштуруп,келечек муунду өзгөчө колдогондугу үчүн «Билерман ордо» интеллектуалдардын жана Кыргыз-Өзбек университетибиздин атынан,дайым тыгыз байланышта иш алып баргандыгы үчүн Кызыл-Кыя шаардык мэриясына,шаар башчысына,шаардык кеңешине,ушул иштерди уюштурууга чоң салым кошуп келе жаткан Талант Абдулкасымов мырзага,патриот инсанга терең ыраазычылык билдирип,көптөгөн ийгиликтерди кааламакчыбыз!Урматтоо менен «Билерман ордо» интеллектуалдык телеоюнунда команда капитаны,Кыргыз-Өзбек университетинин ЖОЖдорго чейинки даярдык борборунун жетекчиси,аспирант Сагынбек Маманов!


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы номер:381 жана 28-декабрындагы номер:844 токтомдорун ишке ашыруу максатында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору тарабынан республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын билим сапатын баалоо, аккредитациялоону өткөрүү үчүн тест администратору болуп, Ош облусунун Алай,Араван, Өзгөн жана Кара-Суу райондорундагы мектептерге барып,билим сапатына күбө болуп,жолугушуу иштеринен көз ирмемдер.Буйруса Эгемендүү Кыргыз Мамлекетибиз өнүксүн!


«Бутуруучулор жана иш издоочулор учун» ишке орноштуруу боюнча иш — чаралар болуп отту! Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык онугуу министрлигинин Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга комоктошуу башкармалыгы,Кыргыз-Озбек университетинин жетекчилиги жана «Карьераны онуктуруу — ЖОЖдорго чейинки даярдык борбору» менен биргеликте 2018-жылдын 28-апрель куну саат 13.00до «Бош орундар» жарманкеси откорулду.Иш чарага Ош шаарынын аймактарында жашаган жумуш издоочулор,ошондой эле туштук регионундагы орто жана жогорку окуу жайдын бутуруучулору катышты.Откорулгон жарманкеде катышуучуларга бош орундар жана жумуш издоо боюнча кеп кенештер берилип, Ош шаарынын мекеме-ишканаларынын 300 бош орун, Бишкек шаарынан 500дой бош орун, Ош облусунун райондорунан 62 бош орундар сунушталып,окуу жайыбыздын студеннтеринин чакан концерттик программасы менен коштолду.
Жалпысынан жарманкеге 1046 адам катышты, 270 жумуш издоочулорго кеп-кенеш берилип, алардын 25и жумушка жолдомо алышты.А.э. гранттык негизде бутургон бутуруучулорду 27-апрель куну атайын тузулгон комиссиянын жана иш беруучулордун катышуусунда ишке орноштурууга,иш орундарына болуштуруу иш аракеттери болуп отту!Иш чараларга катышып берген,уюштурууга жардам берип,дем берген жалпыныздарга уюштуруучулардын атынан терен ыраазычылык билдиребиз,баарыңыздарды келе жаткан майрамыныздар менен куттуктайбыз,ар дайым Жараткан колдоп,ийгиликтер коштоп журо беришине тилектешпиз,бутуруучулорго да коп ийгиликтерди каалап,биз сыймыктанган бутуруучулордон болушунуздарга ниеттешпиз!


Кыргыз-Өзбек университетинде мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

20-апрель күнү 2018-2019- жаңы окуу жылына карата Кыргыз-Өзбек университети мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Ачык эшиктер күнүн» өткөрдү. Өткөрүлгөн иш-чара жаш муундарга зарыл болгон адистер боюнча туура жол көргөзүп, керектүү
кесип тандоого багытталган. Программада окуу жайдын билим берүү багыттары боюнча кеңири маалыматтарды чагылдырган жарманке жана окуу техникалык базасы менен таанышуу экскурсиясы уюштурулуп, тигүүчү адистигинде окуган студенттердин коллекциялары көргөзүлүп, таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич Ош шаарынан жана аймактардан келген абитуриенттерге университеттин окуу шарттары, адистиктер тууралуу маалымат берип, ар бир бүтүрүүчү заман талабына жараша билим алып, керектүү адистиктин ээси болуп, мекен үчүн кызмат кылып, бакыбат турмуш кечирүүнү кыялданат, андыктан, келечекте кесипти олуттуу мамиле менен тандоо керек деген каалоосун айтты.


«Олкобуздун келечеги жана ишеничи билимдуу жаштардын колунда»! Ош облусунун Чон-Алай районунун мектеп бутуруучулору арасында кесип тандоого багыт беруу жана жалпы республикалык тестке даярдоо максатында жолугушуу откорулду. Мектеп бутуруучулорунун суранычы, Чон-Алай райондук билим беруу башкармалыгынын сунушу, ошол эле учурда жеке ишкер, ушул райондун чыгаан инсаны Нуриллаев Оболбек Кыязбековичтин колдоосу жана ОшМСУнун » Карьераны онуктуруу — ЖОЖдорго чейинки даярдык борбурунун» жетекчиси Маманов Сагынбектин биргелешкен демилгеси менен уюштурулду. Алгач бизди жылуу сезимде тосуп алган, жаны ишин баштаган Чон-Алай райондук билим беруу башкармалыгынын башчысы Бактыбаев Пазыл агайга,мектеп директорлоруна,патриот агабыз Оболбек Нуриллаев агабызга, жалпы республикалык тестке даярдап жаткан мугалимдерибизге терен ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.» Бешиктен кабырга чейин билим ал» демекчи, буйруса мектеп бутуруучулору жакшы билим алышып, биринчи кезекте ата эненин ак сутун актап, мугалимдердин, жалпы мектеп жамаатынын, райондук билим беруу башкармалыгынын ишеничин актап, буйруса жакшы жыйынтык корсотуп, каалаган максат кылган адистиктин ээси болуп, Эгемендуу Кыргыз Мамлекетибизге кызмат кылышыныздарга тилектешпиз!Баарыныздарды Жаратканым колдосун жана ийгиликтер коштосун деп, терен урматтоо менен ОшМСУнун «Карьераны онуктуруу-ЖОЖдорго чейинки даярдык борборунун жетекчиси, » Билерман Ордо» интеллектуалдык телеоюнунда команда капитаны Сагынбек Маманов!!!


ОшМСУнун (КУУ) базасында 2017-жылдын 12-май куну «Бош орундар жарманкеси» иш чарасы откорулду.Бул жарманке окуу жайыбыздын жетекчилигинин демилгеси, ЖОЖдорго чейинки даярдык — Карьераны онуктуруу борборунун сунушу жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык онугуу министрлигинин Ош шаардык иш менен камсыз кылууга комоктошуу башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду. Аталган иш чарага алдынкы мекеме ишканаларынын, бизнес тузумдорунун, эл аралык уюмдарынын, жогорку жана орто окуу жайларынын, кесиптик техникалык лицейлердин жетекчилеринин катышуусунда болуп отту. Жарманкеде 4000 ден ашуун бош орундар сунушталды.
Жарманкени уюштуруунун максаты — жумуш беруучулорго адис менен камсыздоо маселесине комоктошуу, жумуш издоочулорго ылайыктуу иш орундарын сунуштоо, окуу жайлардын жумуш беруучулор менен байланышын кучотуу жана бутуруучулорду ишке орноштурууга жардам беруу болуп эсептелинет. Мындай иш-чараларды уюштуруу алдынкы убактарда дагы пландаштырылган.Бул иш чарага чейин жана азыркы убакта дагы бутуруучулорду — иш издоочулорду ишке орноштурууга жардам берип келуудобуз!


Опубликовано Нуркыз Кадырбековной Вторник, 12 марта 2019 г.

Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial